Бишкек, 15.09.25. /Кабар/. Кытайда россиялыктар үчүн визасыз режим киргизилгенден тарта турларга болгон кызыгуу үч эсе өстү. Бул тууралуу ТАСС “Росгосстрах” менен Travelata сервисиндеги изилдөөгө таянып жазды.
Маалыматка караганда, бир аптада турлардын үлүшү брондолгон орундардын жалпы санынын 3,9 пайызына жетти.
Хайнань курорттук аралы Кытайга болгон бардык турлардын 90%ын түзгөндүктөн алдыда болууда. Ал жерде эс алуунун орточо баасы эки кишиге 202 миң рублди түзөт. Пекинге баруу орточо эсеп менен 165 миң рубль, Шанхайга 149 миң рублди түзөт.
Россиядан келген туристтер эртең мененки (82% учур) жана кечки тамагы (12-13%) камтылган төрт жана беш жылдыздуу мейманканаларды тандашат. Ошондой эле туристтер сапардын алдында камсыздандыруу полисин сатып алышат.
Буга чейин Россиянын туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору Майя Ломидзе визасыз режим киргизилген жылы Кытайга туристтердин агымы кеминде 30-40% өсөрүн айткан. Анын ичинде бизнес саякат 15-20%га жогорулай тургандыгы кошумчаланган.