Кытай "Рагаса" тайфунуна даярданууда

Дүйнө Загрузка... 22 Сентябрь 2025 12:30
WhatsApp Image 2025-09-22 at 10.21.44.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Кытай "Рагасанын" быйылкы 18-тайфунуна даярданууда. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, катуу жаан-чачын Кытайдын түштүк жана чыгыш райондорунда болору күтүлүүдө.

Улуттук метеорологиялык борбордон билдиргендей, "Рагаса" Гуандун провинциясынын Шаньвэй шаарынан Хайнань провинциясынын Вэньчан шаарына чейин жетет.

Метеорологдор "Рагаса" тайфуну бул ирет күчтүү жана ылдам болорун эскертишти. Тайфун жакындаган сайын Тайвань аралынын чыгышында жана Гуандун, Фуцзянь провинцияларында жана Гуанси-Чжуан автономдуу районунда катуу жаан-чачын жаай турганы айтылды.

Улуттук метеорологиялык борбор жергиликтүү бийлик органдарын алдын алуу чараларын көрүүнү жана убагында жашоочуларды эвакуациялоого даяр турууну кошумчалады.