Бишкек, 10.11.25 /Кабар/. Кытайдын Шэньчжэнь шаарындагы узак жашоону изилдөө жаатындагы Lonvi Biosciences аттуу кытай стартапы 120 жашка чейин жашоону узарта турган дарыны иштеп чыгууда. Бул тууралуу Kazinform агенттиги The New York Times басылмасына шилтеме берүү мененжазып чыкты.
Америкалык басылманын маалыматына караганда, Lonvi Biosciences жүзүмдүн уругунун экстрактынын курамындагы заттардын негизинде карылыкка каршы таблеткаларды түзүү менен алектенүүдө.
Компаниянын айтымында, алар карый баштаган клеткаларды жок кылууга жөндөмдүү өзгөчө молекуланы бөлүп чыгууда. Мындай клеткалар организмде жоголбой, тескерисинче, денедеги тирүү ткандарга зыянын тийгизет.
Макалада белгиленгендей, жүзүмдүн уругу батыш маданиятында да, салттуу кытай медицинасында да илгертен пайдалуу азык катары белгилүү. Газетанын маалыматы боюнча, Lonvi Biosciences активдүү молекулалардын жогорку концентрациясы бар капсулаларды өндүрүү технологиясын иштеп чыккан.
Компаниянын ишендиришинче, алардын таблеткалары ден соолукка пайдалуу жашоо образы жана сапаттуу медициналык тейлөө менен айкалышкан учурда, адамдарга 100дөн 120 жашка чейин жашоого жардам бере алат.