Кытай окумуштуулары алгачкылардан болуп ядролук оптикалык саат жасады

Дүйнө 9 октябрь 2026 09:10
Кытай окумуштуулары алгачкылардан болуп ядролук оптикалык саат жасады

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Кытайлык окумуштуулар дүйнөдө алгачкы жолу ядролук оптикалык саат жасап, анын туруктуу иштешин камсыз кылышты. Бул ачылыш убакытты жана жыштыкты өтө жогорку тактыкта өлчөө технологияларын өнүктүрүүгө жол ачат. Бул тууралуу Казинформ билдирди.

Аталган түзүлүштү Цинхуа университетинин жана Пекин кванттык информатика институтунун окумуштуулары доцент Дин Шицяндын жетекчилиги алдында иштеп чыгышкан.

Саатты жасоо үчүн адистер толкун узундугу 148 нанометр болгон вакуумдук ультракызгылт көк лазерди жана торий-229 кошулган кальций фторидинин кристаллын колдонушкан.

Дин Шицяндын айтымында, жаңы сааттын жыштыгынын туруктуулугу бир секунддук орточо эсептөөдө ушул сыяктуу түзмөктү иштеп чыккан европалык окумуштуулардын жыйынтыгынан дээрлик он эсе жогору болгон.

Цинхуа университетинин физика кафедрасынын башчысы Чжай Хуэй бул иштелмени кванттык так өлчөөлөр тармагындагы маанилүү жетишкендик деп атады. Анын белгилешинче, ядролук оптикалык сааттар убакытты жана жыштыкты өлчөөнүн жаңы муунун түзүүгө негиз болот.

Окумуштуулардын маалыматына ылайык, мындай сааттарды чакан көлөмдө жасоо келечекте спутниктик навигацияда жана алыскы космосту изилдөөдө колдонууга мүмкүнчүлүк берет.