Бишкек, 09.07.25. /Кабар/. Күн мурун Кытай-Непал чек арасындагы көпүрө урап, 18 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, көпүрө катуу селден улам урап түшкөн.
Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча, дайынсыз жоголгондордун көбү чек ара портунун аймагында иштегендер.
Непалдагы Кытай элчилиги билдиргендей, дайынсыз жоголгондордун арасында алты кытайлык жана сегиз непалдык жумушчу болгон.
Кырсык болгон жерде Непал армиясынын жана полициясынын бөлүктөрү тартылган чукул издөө-куткаруу операциясы жүрүүдө.
Алдын ала маалыматтар боюнча, учурда каза болгон эки адамдын сөөгү табылды.