Бишкек, 06.08.25. /Кабар/. Кытай мектепке чейинки билим берүүнү акысыз кылат. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, бул кадам үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн жеңилдетүүгө жана мектепке чейинки билим берүү системасынын сапатын жогорулатууга багытталган.
Ал эми мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин каражаттары мамлекеттик субсидиялардын эсебинен толтурулат.
Кытайда бала бакчалардын акысы аймактарга жараша ар кандай.