"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу: Кенемте төлөө талкууланып, туннелдин курулушу текшерилди

Министрлер кабинети 05 Июнь 2026 10:20
716154190_1440284554793363_6419153714385661680_n.jpg
717273943_1440284588126693_209333876881478390_n.jpg
6a214e8332d2e-thumb.jpg
6a214e72dc77d-thumb.jpg
714852723_1440284448126707_7911844929111339160_n.jpg
717341082_1440284634793355_6220213053007240272_n.jpg
717418981_1440284608126691_2121330417562971653_n.jpg
716330562_1440284421460043_6683887348911856907_n.jpg
715832561_1440310218124130_6879382433450260160_n.jpg
716310904_1440308251457660_1332300119891208623_n.jpg
716091050_1440308184791000_1769503873859033974_n.jpg
717228494_1440308181457667_6597032240951988904_n.jpg
715610291_1440284424793376_258896770988865463_n.jpg
717317613_1440284664793352_4740609570972350879_n.jpg
716076736_1440284538126698_4276545633674356212_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" эл аралык темир жолун куруу маселелерине байланышкан жыйын өткөрдү.

Көчмө жыйында негизинен Жалал-Абад облусу аркылуу өтө турган темир жолдун жеринде отурукташкан жергиликтүү жарандардын турак жай ээлерине кенемте төлөө жана участок маселелери талкууланып, соңунда протоколдук тапшырмалар берилди. Отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу" биргелешкен компаниянын өкүлдөрү катышты.

Андан соң минкаб төрагасынын орун басары темир жолдогу Жалал-Абад туннелинин курулуш иштери жүрүп жаткан объектке барды. Иштин жүрүшү менен таанышкан Эрлист Акунбеков, бул темир жол – жөн гана транспорттук коридор эмес, Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө экенин белгилеп, курулуп жаткан темир жол – биримдиктин, прогресстин жана келечекке болгон ишенимдин символу болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын аймагындагы "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол долбоорунун жалпы узундугу 304 чакырымдан ашуун аралыкты камтып, курулуштун жалпы наркы 4 млрд 700 млн долларды түзөт.

Өлкөдөгү стратегиялык жана экономикалык мааниге ээ болгон темир жолдун курулушу техникалык-инженердик жактан татаал долбоорлордун бири. Анткени долбоордун алкагында жалпы узундугу болжолдуу 120 чакырымды түзгөн 50 көпүрөнүн жана 29 туннелдин курулушу каралган. Бул жалпы темир жолдун 40 пайызы туннелдерден жана көпүрөлөрдөн тургандыгын билдирет.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 27-декабрында Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышына старт берилип, анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын төрагасы Си Цзинпин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев долбоордун старт берилишине байланыштуу кайрылуу жасашып, бул долбоордун маанилүүлүгүнө токтолушкан.