Кыргызстанда акыркы 4 жыл аралыгында курулуш тармагы жанданып, өлкөнүн жети дубанында бирдей курулуш, оңдоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Былтыр курулуш тармагы рекорддук көрсөткүчкө жетип 137 пайыз өсүштү камсыздады. Аэропорттор, социалдык мекемелер, шаар куруу, жол салуу, ипотекалык үйлөр, билим берүү уюмдарынан тартып, оорукана, маданий мекемелер, жада калса эскилиги жеткен мамлекеттик мекемелерге чейин жаңыланып жатканы өлкөнүн экономикасы илбирс секиригин жасаганын айгинелеп турат.
Курулуш иштери канчалык көп болсо, ошончолук көп өлчөмдө курулуш материалдары талап кылынары бышык. Акыркы мезгилде өлкөнүн базарларында курулуш материалдарынын баасы өсүп кеткени байкалууда. Демек, курулуштун болуп көрбөгөндөй жанданышы менен айрым курулуш материалдарына болгон муктаждык да жогорулап, алардын тартыштыгы жаралышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Тартыштык болгон жерде кымбатчылык орун алат. Аны менен катар дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келген ыкмага өтүү зарылчылыгы бар. Эл аралык тажрыйба алмашып, курулушта лидерликке жеткен Кытай өлкөсүндөгү курулуш ыкмаларын үйрөнүүгө убакыт келди. Мына ушунун баарын эске алуу менен санына эмес, сапатка басым жасаган өлкө башчынын атайын тапшырмасы менен президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев, курулуш министри Нурдан Орунтаев баштаган тиешелүү адистер күн мурун Кытайдын Суар аймагындагы темир өндүрүүчү заводдордун ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн барды.

Президенттин жеке тапшырмасынын негизинде аткарылган иш-сапардын жүрүшүндө Суар аймагындагы курулуш материалдарын, айрыкча темир жана курулушка керектүү жабдыктарды өндүргөн ири ишканалардын ишмердүүлүгү жана анда өндүрүлгөн жогорку сапаттагы курулуш жабдыктарын жеринен көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Белгилүү болгондой, бул ишканалар заманбап технологиялар менен жабдылып, өндүрүш процессин жогорку натыйжалуулук менен жүргүзүп келет.

Жогорку сапатта өндүрүлгөн курулуш материалдары азыр бизге аба менен суудай керек. Себеби казынадан миллиарддаган каражаттарды жумшап куруп жаткан курулуштардын сапаттуу болуусу заман талабы. Анткени дүйнө жүзүндө акыркы жылдары орун алган табият кырсыктары дүйнө элин сестентип, сапаттуу курулуш адам өмүрүн сактап калаары далилденди. Буга чейин Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугуна басым жасалып цемент, арматура сыяктуу курулуш жабдыктары бир канча атайын текшерүүдөн өткөн соң гана кабыл алынып жатканы маалым болгон. Демек, азыр Кыргызстанда мурдагыдай боло берет деген система толугу менен жоюлуп, сапаттуу курулуш биринчи орунга чыкты.

Белгилүү болгондой Кытай Республикасы көп жылдардан бери эле экономикасы алдыга озуп, атаандашы жок, эң алдыңкы өндүрүүчү мамлекеттердин сап башында турат. Ал эми анда салынган асман тиреген имараттар туруктуулугу жагынан Гиннестер китебине да кирген. Анда колдонулган курулуш материалдары да Кытайда өндүрүлгөн. Демек, Кытай Республикасы экономикасы жактан гана эмес, курулуш материалдарын жасоодо да рекорд жаратты десек болот. Буга далил 17 күндүн ичинде курулган 57 кабаттуу имарат.

Бул тууралуу Архитекторлор бирикмесинин төрагасы Байсен Кариев мындай дейт: Мен Кытайда 30 ирет болгом. Ал жактын курулуш тармагына терең көз жүгүртүп, кызыгып көргөм. Кытай азыр курулуш боюнча дүйнөлүк лидер болду. Алар азыр өздөрүнүн арматурасынан бийик имараттарды курууда. Мисалы, Үрүмчи шаары азыр Нью-Йорк болуп калды. Ал жактан бир дагы жапыз имарат көрбөйсүң.

Жогоруда аталган Кытайдын Суар аймагындагы заводдон чыккан курулуш продукциялары да сапаты жагынан башка өлкөлөрдү алдына салбасы факт. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу баа саясаты Кытайда бир топ эле жөндүү. Башка продукциялардай эле курулуш жабдыктарынын да баасы асман чапчыбасы турган кеп. Өзгө өлкөлөргө салыштырмалуу баасы жөндүү болгон курулуш материалдары Кыргызстандын рыногуна келип түшөрү менен башкаларга альтернатива жаралып, асманга чыгып кеткен кыймылсыз мүлк рыногундагы баа да арзандайт. Себеби башкалардай эле бул тармакта деле атаандаштык баа саясатына түз таасирин тийгизет дешет серепчилер.
Белгилүү болгондой, курулуш компаниялары материалдард кымбаттаганына таянып, үйлөрдүн баасын да бир топ кымбаттатып жиберишкен. Акыркы мезгилде өзгөчө Бишкекте турак жайлардын баасы кымбаттап кеткени коомчулукта байма-бай айтылып, рыноктогу анализ буга далил.

Дал ушул максатта Кытайга барган Каныбек Туманбаев баштаган кыргызстандык делегация Суардагы арматура өндүрүүчү ишканалардын курулуш материалдары тиешелүү лабораториялык сыноодон өткөрүштү. Ага курулуш министри Нурдан Орунтаев жана министрликтин адистери да катышып, продукциянын сапатын жеринен көрүштү. Сыноолордун жыйынтыгында материалдар талаптарга ылайык жана сапаттуу экени тастыкталып, дүйнөлүк стандарттарга жооп берери далилденди. Аталган заводдо жогорку сапатта, кылымдарга туруштук бере турган курулуш материалдары өндүрүлөрүн жеринен көрүшкөн.
Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси белгилегендей, курулуш тармагындагы өнүгүү – эл аралык тажрыйбаны өздөштүрүүнү, инновациялык ыкмаларды киргизүүнү жана дүйнөлүк стандарттарга жооп берген чечимдерди кабыл алууну талап кылат.
Ал ошондой эле Суарга болгон иш-сапарында арматура жана башка курулуш компонеттерин тийешелүү лабораториядан өткөрүшкөнүн айткан.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда курулуш тармагы динамикалуу өнүгүп жатат. Шаар куруу, инфраструктуралык объекттерди өнүктүрүү, жолдорду салуу жана турак жай курулушу активдүү жүрүп жатат. Ага байланыштуу айрым курулуш материалдары тартыш болгондуктан, Кытайдын курулуш материалдарын пайдаланууга кабыл алууну пландап жатабыз. Анын ичинде арматураны тийешелүү лабораториядан өткөрдүк, курулуш министри Нурдан Орунтаев жана анын адистери чогуу келип текшерип жатышат. Натыйжалар талапка ылайык жана сапаттуу деп көрсөтүп жатат. Биз эми курулуш материалдарынын тартыштыгын жоебуз. Курулуш тармактагы өсүш эл аралык тажрыйбаларды өздөштүрүүнү, инновациялык ыкмаларды үйрөнүүнү жана дүйнөлүк стандарттарга жооп берген чечимдерди кабыл алууну талап кылат. Келечекте мекенибизде дагы темир өндүргөн жана кайра иштеткен ири заводдорду куруу планыбыз бар»,-деген ал.

Ал эми 40 жылдан бери Кыргызстандын курулуш тармагында иштеген Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Башкы прорабы Апыш Турдугулов Кытайдан чыккан курулуш материалдарынын сапаты мыкты экенин, алар дүйнө жүзүндө, ошол эле курулуш материалдарынын түрүн өндүргөн Россия Федерациясында да чоң талап менен колдонуларын айтат.
«Негизи Кытайдын курулуш материалдарын дүйнө жүзү колдонуп келе жатат. Бул жерде Кытай Россия менен аттандаш боло алабы деген суроо туулат. Албетте. Кытай эчак эле бул жаатта Россиядан алда канча озуп кеткен. Ошол эле Россия өздөрүндө бардык курулушка керектүү материалдардын түрүн жасаганына карабастан, Кытайдын материалдарын колдонуп келишет. Демек, Кытайда жасалган курулуш материалдарынын сапаты Россияныкынан мыкты деген бүтүмгө келсек болот. Эгерде Кыргызстанга Кытай Республикасынан курулуш материалдары келе баштаса, анда сөзсүз түрдө курулуш рыногунда атаандаштык жаралат. Альтернатива болсо арзандатуу башталат.

Н. Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун директору Жаныбек Маматов Кытайдын курулуш материалдары табигый катаклизмдерге 100 пайыз туруштук бере алат дейт.
«Аларда өндүрүлгөн материалдар жер титирөө сыяктуу, сел алуу, катуу шамал сыяктуу табигый кырсыктарга толугу менен туруштук бере алат. Кытайларда жол, көпүрө куруу бир топ эле алдыга кеткен. Алардан үйрөнө турган көп нерсе бар»,-дейт адис.