Кытай космосто дата-борборлорун курат

Дүйнө Загрузка... 02 Декабрь 2025 09:25
WhatsApp Image 2025-12-02 at 07.46.31.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.12.25 /Кабар/. Пекиндин Илим жана технология комиссиясы Жерден 800 чакырым бийиктикте 16 космостук дата-борбор курууну пландап жатат. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул комплекстер орбитада эсептөө платформаларын, релейдик байланыш түйүндөрүн жана жердеги башкаруу системаларын бириктирип, маалыматты иштеп чыгуу жана берүү үчүн бөлүштүрүлгөн инфраструктураны түзөт.

Курулуш иштери 2035-жылга чейин аяктайт деп пландалууда. Аталган долбоордун алкагында космостук дата-борборлору үчүн эксперименталдык спутник даярдалып бүткөн.

Анын учурулушу 2025-жылдын аягына же 2026-жылдын башына пландаштырылууда.

Бул масштабдуу долбоорду ишке ашыруу үчүн Пекиндин Астро-келечек космостук технологиялар институту жетектеген инновациялык консорциум түзүлгөн. Консорциум 24 ири өнөр жай уюмун бириктирет.