Бишкек, 31.12.25 /Кабар/. Кытайдын “Чанчжэн-7А” ракета-ташуучусу эксперименталдык “Шицзянь-29” А жана Б спутниктерин орбитага ийгиликтүү чыгарып алды. Бул тууралуу CCTV телеканалына таянып Интерфакс билдирет.
Маалыматка ылайык, ракета бүгүн Пекин убактысы боюнча саат 06:40та Хайнань аралындагы Вэньчан космодромунан учурулду. Спутниктер ракета-ташуучудан ажырагандан кийин белгиленген орбитага ийгиликтүү жайгашты.
Аталган спутниктер космостук чөйрөнү изилдөө, илимий эксперименттерди жүргүзүү жана жаңы технологияларды сыноо үчүн колдонулат.