Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Кытай Сычуань провинциясындагы Сичан космодромунан эки эксперименталдык спутниктин ийгиликтүү учурду. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттиги маалымдады.
Пекин убактысы боюнча саат 11:00дө, «Чанчжэн-2D» (Long March-2D) ракета-ташуу аппараты «Шиянь-30 01» жана «Шиянь-30 02» аттуу эки спутникти орбитага ийгиликтүү чыгарды. Бул аппараттар Жердин бетине байкоо жүргүзүүчү технологияларды сыноо жана текшерүү максатында колдонулат.
Бул учур «Чанчжэн» сериясындагы 598чи, ал эми «Чанчжэн-2D» үчүн 100-юбилейлик учуруу болуп калды. Эки баскычтуу, суюк отундуу бул ракета 500 чакырымдык гелиосинхрондуу орбитага 1,9 тоннага чейин пайдалуу жүк жеткирүүгө жөндөмдүү.
«Чанчжэн-2D» 1992-жылы биринчи жолу учурулгандан бери өзүн ишенимдүү ракета катары көрсөтүп келатат. Анын жардамы менен 300дөн ашуун спутник ар кандай максаттарда орбитага чыгарылган — алардын ичинде алыстан зонддоо, илимий изилдөөлөр жана карта түзүү боюнча спутниктер бар.
Айрым белгилүү мисалдар:
«Укун» — кара материяны изилдөөчү спутник (2015-жыл);
«Мо-цзы» — кванттык байланыш спутниги (2016-жыл).
Мындан тышкары, «Чанчжэн-2D» эл аралык коммерциялык учурулуштарда да колдонулуп келет. Анын кардарларынын катарында Түркия, Сауд Аравиясы, Нидерланддар, Аргентина жана Пакистан бар.