Кытай биринчи жолу океанды изилдөөчү интеллектуалдык кеме жасады

Дүйнө Загрузка... 15 Июль 2025 10:40
WhatsApp Image 2025-07-15 at 09.26.14.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Кытайда биринчи жолу автономдуу навигация жана акылдуу башкаруу системалары менен жабдылган интеллектуалдык изилдөө кемеси Tongji ишке берилди. Бул тууралуу Казинформ маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган кеме Шанхай шаарындагы Тунцзи университетинин тапшырмасы менен Кытайдын Улуттук кеме куруу корпорациясы тарабынан курулган.

Ал деңиз илимий-изилдөө экспедицияларын жүргүзүүгө, жээк зонасындагы иштерди аткарууга жана деңиз инженериясы боюнча билим алып жаткан студенттердин практикалык даярдыгына арналган.

Инженерлердин айтымында, бул көп функциялуу калкып жүрүүчү комплекс деңиз геологиясы, биологиясы, химиясы жана ага тиешелүү илим тармактары боюнча изилдөө жүргүзүүгө ылайыкталган.

"Tongji - Кытайда Кытай классификация коомунун акылдуу кеме стандартына жооп берген биринчи илимий кеме",— дейт долбоордун башкы конструктору Ли Чжэнхуа

Электр реактивдүү кыймылдаткычы менен жабдалып, алыстан башкарууга жөндөмдүү болгон кеме автономдуу түрдө ачык деңиздерде жүрө алат.

Ал интеллектуалдык энергияны башкаруу жана навигация системалары менен жабдылган. Tongji муз каптаган аймактардан тышкары, дээрлик бардык океан аймактарында иштей алат.

Кеменин техникалык мүнөздөмөсү төмөнкүдөй:

- узундугу — 81,5 метр

- туурасы — 15 метр

-максималдуу ылдамдыгы — 27 чакырым саат

- өз алдынча сууда жүрүү мөөнөтү — 35 күнгө чейин.