Бишкек 18.7.25 /Кабар/. Кытай өлкөсү жарым жылда «Бир алкак – бир жол» демилгесине кирген өлкөлөр менен жалпысынан 124 миллиард долларлык келишимдерди түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын бир жылдык суммасынан (122 млрд) ашканын Австралия менен аталган өлкө жүргүзгөн изилдөөгө таянып, Инферфакс агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жыл башынан июнь айына чейин жалпы 176 жаңы келишим түзүлгөн. Инвестициялардын көпчүлүк бөлүгү Африкага (39 млрд) жана Борбор Азияга (25 млрд) багытталган. Ошондой эле нефть жана газ секторундагы келишимдер да рекорддук деңгээлге жетип 44 млрд долларды түзгөн. Анын ичинен 20 млрд Нигериядагы мунайды кайра иштетүүчү заводдорго багытталган.
Андан сырткары, Кытай өлкөсү Казакстанга 23 млрд инвестиция салган. Ал эми Латын Америкасы акыркы 10 жылдагы эң төмөнкү деңгээлде инвестиция алган аймак болуп калды.