Кытай абадан таза суу алуу технологиясын ойлоп тапты

Дүйнө Загрузка... 03 Декабрь 2025 09:20
WhatsApp Image 2025-12-03 at 08.19.13.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.12.25 /Кабар/. Кытайдын Шанхай шаарындагы инженерлер атмосферадагы нымдуулуктан ичүүчү суу өндүрө турган жаңы системаны иштеп чыгышты. Бул тууралуу Казинформ агенттиги маалымдады.

Маалыматка караганда, бул технология суу таңкыстыгы бар аймактар үчүн келечектүү жана эффективдүү чечим.

Жаңы технология AtmosWell компаниясы жана Шанхай Цзяотун университетинин Механикалык инженерия мектеби тарабынан ишке ашырылган.

Станция күн энергиясы менен иштеп, инфраструктурага муктаж болбойт. Өлчөмү кичинекей автобус аялдамасына барабар болгон бул автономдуу система 15тен 40°Cге чейинки температурада жана 35тен 99% нымдуулук шарттарында иштей алат. Ал күнүнө 50 литр ичүүчү суу өндүрө алат.

Шанхай Илим жана технология комиссиясынын Жогорку технологиялар департаментинин директору Чжао Йисиндин айтымында, мындай технологиялар алыскы аймактарды таза суу менен камсыз кылууда жана шаардык суу системаларынын туруктуулугун бекемдөөдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.