Кыска видеолор балдардын психикасына олуттуу зыянын тийгизиши мүмкүн

Ден соолук Загрузка... 12 Декабрь 2025 12:24
WhatsApp Image 2025-12-12 at 09.23.39.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 12.12.25 /Кабар/. Жаңы изилдөөлөр кыска онлайн-видеолор (15–90 секунд) балдардын уйкусуна, көңүл буруусуна жана эмоционалдык абалына терс таасир этерин көрсөттү. Бул тууралуу Medical Xpress журналына таянып, Известия маалымдады.

Эксперттердин айтымында, скроллинг (арты-артынан контент көрүү) адаты уйкуну бузуп, концентрацияны начарлатат. Айрыкча кенже курактагы балдарда мындай видеолор тынчсызданууну күчөтүп, өзүнө болгон ишенимин төмөндөтөт. Балдар идеалдуу көрүнгөн видеолор менен өздөрүн салыштырып, реалдуу эмес стандарттарды кабыл ала башташат. Мындан сырткары алгоритмдер кокусунан жаш курагына туура келбеген кооптуу видеолорду да чыгарып коюшу мүмкүн.

Психологдор бала дайыма кыска видеолорду көргөндө элестетүү, үй-бүлө менен баарлашуу жана эс алуу мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырай тургандыгын эскертишет. Алар ошондой эле, ата-энелерге балдар менен көргөн контент тууралуу ачык сүйлөшүүнү, уктоочу бөлмөдө гаджеттерди чектөөнү, хоббилер менен алектенүү жана активдүүлүктү көбөйтүүнү сунушташат.

Туура көзөмөл жана баланс сакталса, кыска видеолор балдарга коопсуз жана пайдалуу болушу мүмкүн.