Кышка камылга: Быйыл 4 ГЭСте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт

Коом Загрузка... 19 Май 2026 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 19.05.26. /Кабар/. Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында "Чакан ГЭС" ААКтын карамагындагы 4 гидроэлектр станциясында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, энергетикалык тутумдун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана авариялардын алдын алуу максатында төмөнкү ГЭСтердин гидроагрегаттары капиталдык оңдоодон өтөт:

  • ГЭС-3 (№1 гидроагрегат);
  • ГЭС-4 (№1 гидроагрегат);
  • ГЭС-5 (№2 гидроагрегат);
  • ГЭС-6 (№2 гидроагрегат).

Учурда ГЭС-6дагы №2 гидроагрегаттын капиталдык оңдоосу кызуу жүрүп, статор оромосунун изоляциясы алмаштырылды. Бул иштер июнь айынын ортосунда толук бүтөрү пландалууда. Мындан тышкары, Быстровка ГЭСи менен ГЭС-1де орточо оңдоо иштери каралган (Быстровкадагы жумуштар ийгиликтүү аяктады).

Жалпысынан 2026-жылы негизги жана көмөкчү жабдууларга, имараттарга 299 утурумдук оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле станциялардын ишин турукташтыруу үчүн өздүк муктаждыктарга 8 жаңы трансформатор, тиристордук козгоо системасы жана 3 комплект вакуумдук өчүргүчтөр сатып алынып, орнотулат.

Жүргүзүлүп жаткан комплекстүү иш-чаралар кышкы жогорку жүктөм учурунда калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого багытталган.