Кышка даярдык: Өлкөдө 3 млн 323 миң 60 тонна көмүр керектелет

Коом
Кышка даярдык: Өлкөдө 3 млн 323 миң 60 тонна көмүр керектелет
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Күз-кыш мезгилинде өлкө боюнча жалпы 3 млн 323 миң 60 тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, калк үчүн 1 млн 483 миң 600 тонна керектелет. Бүгүнкү күндө 446 миң 300 тонна менен камсыздалды. Ал эми бюджеттик мекемелерге 319 миң 400 тонна сарпталат. Учурда 163 миң тонна жеткирилди.

“Бишкек ЖЭБине 1 млн 520 миң тонна керектелет. Бүгүнкү күндө 439 миң 800 тонна камсыздалды. Бул 29%ды түзөт”, - деди министр.