Кышка даярдык: Ат-Башыда 14,5 чакырым электр чубалгысы жаңыланууда

Аймак 26 Август 2026 12:20
2.jpg
1.jpg
778984939_3535235663291937_9090394435420532086_n.jpg
778984949_27970539702626571_9121566689664898148_n.jpg
784735551_2202418470604282_1689424526288933712_n.jpg
784980328_2913227055691532_3635404268246726034_n.jpg
786391342_1096639532863347_871457582256652223_n.jpg
786927556_2107918343934402_8081131643341001569_n.jpg
787197015_1078627974661710_3720121140714805008_n.jpg
787342196_1766843861029144_6848479694391414871_n.jpg
787405827_1777199506760313_3833977370991634013_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Нарын ЭТИ

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Ат-Башы районунда күз-кышка даярдык көрүүнүн алкагында электр тармактарын реконструкциялоо иштери жүрүп жатат.

Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, учурда анын Кара-Булуң, Кызыл-Туу, Погранич, Калинин, Терек-Суу, Ак-Моюн жана Ат-Башы айылдарында 14,5 чакырым 10/0,4 кВ аба чубалгысы жаңыланууда.

Ошондой эле эски жыгач мамыларды алмаштыруу үчүн 443 темир-бетон мамы орнотулат. Учурда анын 96сы орнотулду.

Мындан тышкары, электр энергиясына болгон керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу 400 кВАлык 4 трансформатор жаңыланып, кошумча кубаттуулук кошулат.