"Кыргызтест" борборунун иши кеңейтилет

Министрлер кабинети 241 20 Август 2026 11:40
6a86821a74477 (1).jpeg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.08.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Конституциялык мыйзамын, ошондой эле мамлекеттик тил саясаты жаатындагы министрлер кабинетинин тиешелүү токтомдорун ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Улан Маматканов "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин тестирлөө борборунун иш уюштуруусун жана мүмкүнчүлүктөрүн көрүп чыкты.

Белгиленгендей, аталган борбордо мамлекеттик тилди билүү деңгээли бааланат.

Борбордо министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынгандан кийин тестирлөөдөн өтүүгө суроо-талап жогорулаган.

Бул жагынан тестирлөөнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана анын ишин андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштар айтылды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Улан Маматканов мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн практикалык ыкмаларын кеңейтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан кыргыз тилин практикада колдонуунун деңгээлин жогорулатуу, тестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, терминологиялык жана котормо иштеринин сапатын жогорулатуу, ошондой эле "Кыргыз тили" гезитинин ишин жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.