Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Жыл сайын Кыргызстанга Кения, Эквадор жана Голландиядан 2 миллиондон ашык гүл алынып келинет. Ал эми акыркы 5 жылда өлкөдө гүл саткан дүкөндөрдүн саны эки эсеге өскөн.
Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги ата мекендик ишкерлерге гүл өстүрүү менен алектенүүнү сунуштайт.
Алсак, акыркы 5 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын шаарларында гүл сатуучу дүкөндөрдүн саны эки эсеге өстү. Адистеше турган гүл өстүрүүнүн бир нече багыттары бар. Алар кесилген гүлдөрдү же гүлдүү өсүмдүктөрдү кампаларда өстүрүү (белек катары), декоративдик өсүмдүктөрдүн уруктарын, пияздарын жана көчөттөрүн сатуу.
Ар бир ыкманын потенциалы чоң, бирок экөөнү тең айкалыштыруу менен эң сонун натыйжага жетүүгө болот.
Эң популярдуу гүлдөр - роза, гвоздика, лилия, хризантема жана жоогазын кирет. Бул гулдөрдү өстүрүүдө гүлгө болгон суроо талап бир калыпта эмес экендигин эске алуу тийиш.
Ал эми күз, кыш мезгилинин аягы, жаздын башталыш убактарында бул гүлдөрдүн көп санда өстүрүүнү пландаштырууга ыңгайлуу учур.өнү тең айкалыштыруу менен эң жакшы натыйжаларга жетишүүгө болот.