Кыргызстанга Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучулары келүүдө

Коом 373 17 Июнь 2026 21:10
724958268_1587983616669600_7767465004380816262_n.jpg
724958268_1587983616669600_7767465004380816262_n (1).jpg
724805669_1587983826669579_5383705617060279660_n.jpg
722468888_1587983746669587_9113021478899858533_n.jpg
721360802_1333984408145818_2839944902602295065_n.jpg
722181951_1587983700002925_4579486345027159018_n.jpg
721465691_1587983603336268_1623190868724614087_n.jpg
724321127_1587983613336267_4255047330701933712_n.jpg
Алдыга
Артка
724958268_1587983616669600_7767465004380816262_n.jpg
724958268_1587983616669600_7767465004380816262_n (1).jpg
724805669_1587983826669579_5383705617060279660_n.jpg
722468888_1587983746669587_9113021478899858533_n.jpg
721360802_1333984408145818_2839944902602295065_n.jpg
722181951_1587983700002925_4579486345027159018_n.jpg
721465691_1587983603336268_1623190868724614087_n.jpg
724321127_1587983613336267_4255047330701933712_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Бишкекке Юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучулары жана коноктору келүүдө.

Эки күндөн бери, 16-17-июнда “Манас” эл аралык аэропорту дүйнөнүн 15тен ашык өлкөсүнүн делегацияларын кабыл алууда.

1986-жылы дүйнөгө белгилүү жазуучу жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген форум, 40 жылдык юбилейин белгилөө менен өзүнүн тарыхый мекенине кайтып келет.

Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун колдоосу астында өткөрүлүп, дүйнөлүк интеллектуалдар, саясатчылар, окумуштуулар, маданият жана искусство ишмерлери үчүн ачык диалог аянтчасын жандандырууга багытталган.

2026-жылдагы Юбилейлик форумдун негизги максаты – Чыңгыз Айтматовдун гуманитардык мурасын жаңыртуу гана эмес, анын терең идеяларын жана чыгармаларын санариптештирүүнүн реалдуулуктарына ылайыкташтыруу. Форум интеллектуалдык жана маданий дипломатиянын призмасы аркылуу муундар ортосунда көпүрө курууга, адамзат кризисин, жасалма интеллекттин этикалык чакырыктарын жана глобалдык бөлүнүп-жарылууну жеңүү үчүн жаңы муундагы лидерлерге жана ойчулдарга сунуш кылууга умтулат.

Бүгүн эртең менен КЭР жазуучулар союзунун төрагасы жана Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь баштаган кытай делегациясы келди. 17-июнда түштөн кийин украин жазуучусу жана котормочусу Васькив Микола, Татарстан жазуучулар союзунун төрагасы Ркаил Зайдулин, ТҮРКСКОЙдун экс-катчысы Дусенбай Касеинов, М. Ломоносов атындагы ММУнун профессору Конурбаев Марклен Эрикович, Казакстан президентинин кеңешчиси Омаров Бауыржан, Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев келишти.

Белгилей кетсек, мындай маанилүү жана ардактуу конокторду мамлекеттик катчы жана маданият министринин орун басары сыяктуу жогорку чиновниктер жана коомдук ишмерлер тосуп алышууда.

"Ысык-Көл форуму ар дайым саясаттын же экономикалык пайданын эмес, адамзаттын фундаменталдуу келечеги, анын адеп-ахлактык багыттары жана глобалдык чакырыктар доорунда маданияттын ролу талкууланган жай болуп келген. Бүгүн, 40 жылдан кийин, Айтматовдун үнү жаңыча ураан менен жаңырышы керек. Биз кыргыз жерине чынчыл жана ачык диалогго даяр болгон дүйнөнүн интеллектуалдык элитасын кубанып тосуп алууга даярбыз", — деп белгилешти форумдун уюштуруу комитети.

Форумдун расмий ачылыш аземи жана өлкө жетекчилигинин катышуусундагы жалпы жыйыны 18-июнда Ысык-Көлдө өтөт.