Кыргызстанга Франциянын тышкы соода министрлигинин делегаттары келди

Экономика 27 Май 2025 09:30
WhatsApp_Image_xdF8XQq.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_uHefVp4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_xdF8XQq.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_uHefVp4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 27.05.25. /Кабар/. Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин карамагындагы тышкы соода жана чет өлкөдөгү француз жарандары боюнча ыйгарым укуктуу министри Лоран Сен-Мартен расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди.

Делегацияны экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов тосуп алды.

Белгилей кетсек, Лоран Сен-Мартен жетектеген делегациянын курамында Франциянын бир катар алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү бар.

Иш сапардын алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулоо жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча бир катар жолугушуулар пландалган.