Бишкек 24.03.25 /Кабар/. Кыргызстан менен Чувашия соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүп, экспортту кеңейтет. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын Приволжск округундагы өкүлү Тимур Каримов жана Кыргызстандын Татарстандагы башкы консулу Эрик Бейшембиев Чувашиянын Соода-өнөр жай палатасына иш сапары менен барган учурда белгилүү болду.
Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, учурда аталган өлкө электр жабдууларын, жыгач, металл буюмдарын, кийим-кече жана тамак-аш азыктарын Кыргызстандын рыногуна киргизүүнүн аракетинде. Алардын арасында «Элькон», «Релематика НКУ», «Романа», «Гервент Рус», «Четра» жана «ЧЕАЗ» сыяктуу компаниялар бар.
Жолугушууда «Кыргызстан Чувашия үчүн маанилүү соода өнөктөшү. Мындай жолугушуулар эл аралык мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», - деп белгилеген Чувашиянын вице-премьер-министри Дмитрий Краснов.