Кыргызстан менен Монголия соода жана транспорттук байланышты өнүктүрөт

Экономика 29 сентябрь 2026 16:35
Кыргызстан менен Монголия соода жана транспорттук байланышты өнүктүрөт
copyright icon WWW

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыктын жол картасын даярдоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маселе Улан-Батордо өткөн Борбор Азиянын аймактык экономикалык кызматташтыгы (ЦАРЭС) уюмуна кирген өлкөлөрдүн министрлер конференциясынын алкагында министрдин орун басары Султан Ахматов менен Монголиянын премьер-министринин биринчи орун басары, экономикалык өнүктүрүү министри Жадамбын Энхбаярдын жолугушуусунда каралды.

Тараптар логистика жана транспорттук байланышты өнүктүрүү, жеке сектордун катышуусун кеңейтүү, айыл чарба жана азык-түлүк тармактарындагы кызматташтыкты күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле туруктуу жеткирүү чынжырларын түзүү, өз ара сооданын жаңы багыттарын издөө жана бизнес өкүлдөрүн кызматташтыкка активдүү тартуу зарылдыгы белгиленди.

Жолугушууда Монголиянын Евразия экономикалык бирлиги менен убактылуу соода келишимине байланыштуу кызматташуунун келечеги да каралды.