Кыргызстандагы ири инвестициялык долбоорлордун бири “Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолунун курулушу боюнча иштер планга ылайык жүрүүдө. 2026-жылдын аягына чейин магистралдын 15%ын бүтүрүү белгиленген. 2030-жылы толук курулуп, ишке берилиши керек. Жалпы наркы 4,7 млрд доллар. Анын жарымынан көбү Кытайдын үлүшү. Калган каражатты Кыргызстан менен Өзбекстан тең бөлүшөт. Экономикалык эсеп боюнча биздин мамлекетке бир эле жүк транзитинен жылына 200 млн доллардан ашуун киреше түшүп турат.
“Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолу Кыргызстандын ири инвестициялык долбоорлорунун бири. Ал Кытайдын Кашкарынан башталып, Кыргызстандын Торугарт, Макмал, Жалал-Абад аймактары аркылуу Өзбекстандын Анжиянына чейин кетет. Темир жолдун жалпы узундугу 480 км болсо, анын 311,75 чакырымы Кыргызстанга туш келет.
Долбоор боюнча иштер расмий түрдө 2024-жылдын аягында башталган. Курулуш менен каражаттын максаттуу сарпталышына жооптуу тарап катары үч өлкөнүн катышуусунда “Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу” биргелешкен ишканасы түзүлгөн. Бир жыл бою долбоор үчүн зарыл болгон жолдорду салуу, жерлерди бошотуу, туннелдерге байланышкан даярдык иштери жүрдү.
Жалпысынан 50 туннель, 90 көпүрө пландалып, алар магистралдын дээрлик жарымынан көбүн түзөт. Ал эми Кыргызстанда 18 бекет, 81 көпүрө, 41 туннель курулары белгиленген. Жазгы курулуш иштерине 10 миңден ашык жумушчу жана 5 миңден ашык техника тартылары күтүлүүдө.
Аталган темир жолдун Кыргызстан үчүн мааниси чоң. Биздин өлкө ортодо чектелип калган аймактан негизги транзиттик хабга айланат. Бул жагдай Казакстан жана Россия аркылуу өтчү транзиттик коридорлорго көз карандылыкты жоюп, Кытай менен Борбор Азияны туташтырган эң кыска транспорттук байланыш болот. Жүк соодасы Кытай, Кыргызстан, Өзбекстан чынжыры менен келип, андан ары Түркмөнстанга, Каспий деңизи аркылуу Азербайжан, Грузия, Түркия жана Европага чыгат. Натыйжада жүктү Батыш өлкөлөрүнө жеткирүү дээрлик 7-8 күнгө тездейт. Ошондой эле Жакынкы Чыгыш жана Индия рынокторуна да жол ачылат.
Темир жол — Кыргызстандын аймактык жана эл аралык кадыр-баркы
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын директору Азамат Сакиевдин айтымында, долбоорду ишке ашырууда Кыргызстандын ички кызыкчылыктары жана тоолуу шарты эске алынган. Магистраль жүктү тез ташууну эле камсыздабастан, келечекте республиканын ички темир жол түйүндөрүн түзүүгө ыңгайлуу болушу шарт.

“Каттамдын түрдүү варианттары сунушталды. Бирок кыргыз тарап темир жолдун басымдуу бөлүгү Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүсүнө жетишти. Узак каттам аймактарды өнүктүрүүгө түрткү берет эмеспи. Албетте, темир жол аскалуу кыркалар, бийик тоолуу ашуулар аркылуу өтүшү долбоордун баасын да жогорулатат. Натыйжада заманбап технологияларды, стандарттан башкача инженердик ыкмаларды жана чоң ресурстарды талап кылат.
Экинчи маанилүү маселе, каржылоо механизмдери жана аны менен бирге күтүлгөн экономикалык эффект, бардык тараптар үчүн пайдалуу болду. Долбоордун наркы 4 млрд 700 млн доллар деп белгиленип, бул сумма өзгөрбөй турганы айтылды. Көп жылдар бою талкуулоо баскычынан өйдө көтөрүлбөй келген долбоор президент Садыр Жапаровдун саясий эрки менен ишке ашыруу фазасына жетти”, - деп белгиледи “Кыргыз темир жолу” ишканасынын директору Азамат Сакиев.
Ал эми кыргыз-кытай экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча улук талдоочу Юэ Хэфу “Кабар” агенттигине темир жолдун экономикалык жана геосаясий мааниси боюнча айтып берди.

“Баштапкы баскычында жүк ташуу көлөмү 5-8 млн тонна, келечекте 13–15 млн тоннага чыгат деп эсептелүүдө. Бир эле ушул пункт Кыргызстанга жылына тикелей транзит кирешеси катары 200 млн доллар алып келет. Мамлекеттик бюджети чакан өлкө үчүн бул туруктуу акча агымы болуп саналат. Транзиттик жыйымдарды эле эмес, темир жолдун мультипликативдик эффектин да эске алуу керек. Биринчиден, жол өткөн Нарын жана Жалал-Абад облустарында алтындын, көмүрдүн жана түстүү металлдардын камылгалары бар. Транспорттук чыгаша жогору болгондуктан, алар толук кандуу колдонулган эмес. Кара-Кече жана ага жакын жайгашкан энергетикалык ишканалар арзан эл аралык рынокторго жетет.
Экинчиден, план боюнча Макмал кени техникалык түйүн станциясы болот. Натыйжада, Макмал экономикалык борборго айланып, тегерегинде логистикалык кампалар, бажы, тейлөө кызматтары жана миңдеген жумуш орундары пайда болот. Ошондой эле Кытайдын 1,4 млрд адамдан турган керектөөчүсү бар. Мурда айыл чарба продукцияларын Кытайга алып баруу оор болсо, темир жол курулган соң Кыргызстандын продукциялары Кытайга 1-3 күндө жетип калат.
Макроэкономикалык деңгээлде темир жол Евразиянын геоэкономикалык абалын өзгөртөт. Евразия континентиндеги жүк ташуунун Россия аркылуу өтүүчү “Түндүк коридорго” көз карандылыгы жоюлат. Курулуп жаткан магистраль Кытайдан Европага жана Жакынкы Чыгышка товар жеткирүүнү 900 чакырымга жана 7-8 күнгө кыскартат. Бул жагынан Кыргызстан Чыгыш менен Батышты байланыштырган негизги аймак болот. Бул алмаштырылгыс хаб макамы өлкөнүн кадыр-баркын Борбор Азиядагы кызматташтыкта жогорулатып, стратегиялык салмагын дүйнөлүк аренада көтөрөт”, - деди кыргыз-кытай экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча улук талдоочу Юэ Хэфу.
КУУнун Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эсен Усубалиев бул долбоорго катышуу аркылуу Кыргызстан алдыда өнөктөштөр менен жаңы деңгээлдеги олуттуу кызматташтыктарга даяр болуусу керектигин белгиледи.

“Эгемен өлкөнүн тарыхындагы эң ири темир жол долбоорун ишке ашыруу келечекте жаңы деңгээлдеги экономикалык жана технологиялык кызматташтыктарга жол ачууда. Мында өлкө евразиялык континентте негизги транспорттук хабга айланып, аймактык жана эл аралык экономикалык, саясий байланыштарда өлкөнүн макамы жана мааниси жогорулоодо.
Биздин өлкө алдыдагы масштабдуу өзгөрүүлөргө даярбы деген суроо туулат. Маанилүү багыттардын бири – жаңы шарттарда кесиптик кадрларды даярдоо зарылчылыгы. Тышкы саясий чөйрөдө гидроэнергетика жана суу ресурстарын бөлүштүрүү, отун-энергетика комплекси, транспорт жана коммуникациялар маселелери, санариптик жана маалыматтык чөйрөлөр боюнча жалпы түшүнүгү бар жаңы муундагы дипломаттарга муктаждык бар. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын ири аймактык жана эл аралык долбоорлорго катышуусу тиешелүү кадрларды даярдоо жаатында зарыл чаралар менен коштолушу зарыл”, - дейт Эсен Усубалиев.