Кыргызстанга Эбола вирусунун кирүү коркунучу төмөн, кырдаал көзөмөлдө

Ден соолук 596 18 Май 2026 13:50
701960443_1000081129085922_1079070998880661380_n (1).jpg
701233795_1000081095752592_1193868321906697140_n.jpg
701122864_1000081079085927_7496959072518714097_n.jpg
698457247_1000081085752593_7853948403243486085_n.jpg
700324911_1000081089085926_2698437629542345033_n.jpg
699806486_1000081092419259_2024961461481216470_n.jpg
701960443_1000081129085922_1079070998880661380_n.jpg
Алдыга
Артка
701960443_1000081129085922_1079070998880661380_n (1).jpg
701233795_1000081095752592_1193868321906697140_n.jpg
701122864_1000081079085927_7496959072518714097_n.jpg
698457247_1000081085752593_7853948403243486085_n.jpg
700324911_1000081089085926_2698437629542345033_n.jpg
699806486_1000081092419259_2024961461481216470_n.jpg
701960443_1000081129085922_1079070998880661380_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 18.05.26. /Кабар/. Кыргызстанга Эбола вирусунун кирүү коркунучу төмөн, кырдаал көзөмөлдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго жана Угандада катталган Эбола вирусунан улам пайда болгон оорунун жайылышын эл аралык маанидеги коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал (PHEIC) деп жарыялаган.

ДССУнун жана эл аралык эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынын маалыматына ылайык, Ebola Bundibugyo вирусуна байланыштуу оорунун жайылышы тастыкталган учурлар жана өлүм учурлары менен коштолууда. Аймактагы өлкөлөрдүн бийлик органдары эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте байланышта болгон адамдарды аныктоо, лабораториялык диагностика жүргүзүү, бейтаптарды обочолонтуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, Эбола ысытмасы жогорку өлүм көрсөткүчү менен мүнөздөлгөн өзгөчө кооптуу вирустук инфекциялардын катарына кирет. Инфекция оору жуккан адамдын же жаныбардын каны жана башка биологиялык суюктуктары менен түз байланышта болгондо, ошондой эле булганган буюмдар аркылуу жугат. Эбола вирусу аба-тамчы жолу аркылуу жукпайт.

Оорунун негизги белгилери төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:

  • дене табынын кескин жогорулашы;
  • катуу алсыздык жана чарчоо;
  • баш жана булчуңдардын оорушу;
  • тамактын оорушу;
  • жүрөк айлануу, кусуу жана ич өткөк;
  • ичтин катуу оорушу;
  • айрым учурларда геморрагиялык белгилер (кан кетүүлөр).
"Кыргызстандын аймагында Эбола ысытмасынын учурлары катталган эмес. Өлкөгө инфекциянын кирүү коркунучу учурда төмөн деп бааланууда, бирок Саламаттык сактоо министрлиги биологиялык коркунучтарга каршы саламаттык сактоо тутумунун даярдыгын камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө",-деп айтылат маалыматта.