Кыргызстанга альпинисттердин агымы өстү - Альпинизм федерациясынын президенти

Спорт Загрузка... 07 Ноябрь 2025 11:50
WhatsApp Image 2025-11-06 at 15.52.53.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.11.25 /Кабар/. Кыргызстанга альпинисттердин агымы өстү. Бул тууралуу Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов “Кабар” маалымат агенттигинин “Кабар подкаст” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, учурда Жеңиш чокусун багынтууга 100дөн ашуун альпинист өтүнмө тапшырган. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу бул абдан жакшы көрсөткүч. Наговицынанын окуясынан мурда аталган чокуга болгону 20-30 альпинист гана өтүнмө берчү.

“Мындан тышкары, Хан-Теңири чокусун багынтууга 200дөн ашык альпинист даярданып жатат. Ал эми Жел-Айдар чокусуна 7–8 миңдей альпинист өтүнмө берип, учурда даярданып жатышат”, – деди Кубатов.

Кубатов кошумчалагандай, бир альпинист орточо эсеп менен өлкөгө 6 миң доллар киреше алып келет.