Кыргызстандын жаш биологдору Сочиден 7 медаль менен кайтты

Билим 25 Май 2026 10:55
1.jpg
703776476_1440053611501712_2078575520864265331_n.jpg
705127909_1440053564835050_5737324465138146109_n.jpg
705681669_1440053378168402_8696432049876082121_n.jpg
706377282_1440053741501699_6901178948437443037_n.jpg
706436961_1440053401501733_2237456120500955129_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
703776476_1440053611501712_2078575520864265331_n.jpg
705127909_1440053564835050_5737324465138146109_n.jpg
705681669_1440053378168402_8696432049876082121_n.jpg
706377282_1440053741501699_6901178948437443037_n.jpg
706436961_1440053401501733_2237456120500955129_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. Кыргызстандык окуучулар биология боюнча OIBO-2026 (Open International Biology Olympiad) ачык эл аралык олимпиадасында ийгилик жаратып, 7 медаль жеңип алышты.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, эл аралык интеллектуалдык мелдеш 15-22-май күндөрү Россиянын Сочи шаарында өттү. Ага дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн 100дөн ашуун жаш биолог катышкан. Кыргызстандын намысын 6 окуучу коргоп, алар куру кол кайткан жок.

Жеке эсептеги жеңүүчүлөр:

  • Алтын медаль: Дмитрий Рубан ("Сейтек" STEM мектеби, 11-класс);
  • Күмүш медаль: Нурсултан Увалиев ("Сейтек" STEM мектеби, 12-класс);
  • Күмүш медаль: Улукбек Русланбеков ("Сейтек" STEM мектеби, 10-класс);
  • Күмүш медаль: Атахан Исираев ("Кут Билим" Ысык-Көл комплекси, 11-класс);
  • Күмүш медаль: Анатай Нурланов (№61 автордук мектеп-лицейи, 10-класс);
  • Коло медаль: Эржан Асанов (Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 11-класс).

Жеке мелдештерден сырткары, Кыргызстандын курама командасы топтук долбоорлорду коргоо (Project Round) этабында өзгөчөлөнүп, дагы бир алтын медалды багындырды.

Кыргызстандын курама командасын олимпиадага Асхатбек Темиркулов даярдап барган.