Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. 2025-жылдын 1-сентябрында Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төртүнчү жолу төрагалык кылууга киришти. Төрагалык "ШКУга 25 жыл — тынчтыктын жана гүлдөп өнүгүүнүн мейкиндиги" деген ураан астында өтүүдө. Бул ураан тынчтыкты чыңдоого, туруктуу өнүктүрүүгө жана экономикалык кызматташтыкка болгон умтулууну баса белгилейт. Негизги иш-чаралар катары ушул жылы Бишкекте өтө турган ШКУнун саммити жана мүчө-мамлекеттердин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү саналат.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында президент Садыр Жапаров тарабынан белгиленген Кыргызстандын ШКУдагы төрагалыгынын негизги артыкчылыктарын атады:
- Узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылуу. Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч келтирген чакырыктарга каршы турууда координацияланган аракеттерди күчөтүүнү улантат.
- Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү. Бул багытта уюмдун натыйжалуу каржы механизмдерин, анын ичинде ШКУнун өнүктүрүү банкын, өнүктүрүү фондун жана инвестициялык фондун түзүүнү тездетүү пландалууда.
- Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү. Катышуучу өлкөлөрдүн транзиттик потенциалын натыйжалуу пайдалануу менен эл аралык автомобиль жана темир жол каттамдары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү каралууда.
- Санариптештирүүнү жандандыруу. Кыргызстан ШКУнун жаштар санариптик форумун өткөрүүнү сунуштайт жана мүчө мамлекеттердин санариптик трансформациясы боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз салымын кошууга даяр.