Кыргызстандын шайлоо системасы ачык-айкын жана демократиялуу — Ахмет Йенер

Коом Загрузка... 26 Июнь 2025 11:44
WhatsApp Image 2025-06-26 at 12.32.22 (1).jpeg
copyright icon www

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Чолпон-Ата, 26.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын шайлоо системасы ачык-айкын жана демократиялуу. Бул тууралуу Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин төрагасы Ахмет Йенер Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Ысык-Көл шайлоо форумунда билдирди.

Анын баамында, өлкөдө шайлоо жыл сайын ачык-айкын жана так өтүп келет.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын биз буга чейин да байкап келгенбиз. Түркиянын шайлоо органдарынын өкүлдөрү Кыргызстандагы шайлоолорго байкоочу катары бир нече ирет катышкан. Биздин пикирибизде, Кыргызстандын шайлоолору ачык-айкын, демократиялык принциптерге ылайык жана эл аралык стандарттарга жооп берген деңгээлде өткөрүлүүдө”, — деди ал.

Ал ошондой эле Кыргызстандагы шайлоо органдарынын иш тажрыйбасы башка өлкөлөр үчүн да үлгү боло аларын белгилеп, мындай форматтагы форумдар тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

“Бул форумга катышуудагы максатыбыз — ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо практикасы менен жакындан таанышуу. Кыргызстанда электрондук шайлоо системасы ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы биз үчүн абдан кызыктуу. Балким биз да келечекте ушул багытка кадам таштайбыз. Учурда Түркияда шайлоолор электрондук эмес, салттуу түрдө өтөт. Өлкөдө президенттик жана парламенттик шайлоолор бир күндө өткөрүлөт. Жогорку шайлоо кеңешинде 11 мүчө бар жана алардын чечими акыркы болуп саналат”,-деди ал.

Муну менен катар Ахмет Йенер форумда айтылган тажрыйбалар Түркиянын шайлоо системасын өркүндөтүүгө жана келечекте жаңы технологияларды киргизүүгө өбөлгө болушу мүмкүн экенин кошумчалады.