Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүдө БУУнун ролу талкууланды

Ден соолук Загрузка... 29 Январь 2026 14:40
9ef604e5-48d2-4f95-81b2-1789f2c4c21b.jpg
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов БУУнун системасынын туруктуу координатору Антье Граве менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда министр БУУнун медициналык коопсуздукту камсыздоо, мыйзамдарды өркүндөтүү жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүүдөгү салымын жогору баалады.

Ал министрликтин жаңы командасынын артыкчылыгы катары ооруну дарылоодон анын алдын алууга өтүүнү атады. Негизги багыттар:

  • сергек жашоо;
  • эмдөө;
  • эне жана баланын ден соолугун коргоо;
  • эпидемиологиялык көзөмөл.

Ошондой эле электрондук карталар, телемедицина жана кырдаалдык борбор сыяктуу санариптик чечимдерди киргизүүгө басым жасаларын белгиледи.

Министр БУУнун системасы тарабынан саламаттык сактоо уюмдарын заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоого, медициналык кызматкерлер үчүн чет өлкөлөрдө стажировка өтүү жана окутуу программаларын кеңейтүүгө, ошондой эле мыкты эл аралык тажрыйбаларды алмашууга колдоо көрсөтүүсүнө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Антье Граве БУУнун системасы кызматташууну улантууга жана тереңдетүүгө даяр экенин белгиледи. Ал Кыргызстан санариптештирүү боюнча глобалдык программанын катышуучусу экенин белгилеп, эмдөө, эне жана баланын ден соолугу жана Туруктуу өнүгүү максаттары багытында колдоосун улантарын билдирди.

Тараптар 2026-2032-жылдарга чейинки кызматташтык пландарын талкуулап, жаңы стратегияны иштеп чыгууда Министрликтин ролу маанилүү экенин белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын туруктуу өнүктүрүүнүн кызыкчылыгында өнөктөштүктү чыңдоого жана координацияланган ишти улантууга өз ара кызыкдар экенин билдиришти.