Кыргызстандын Осакодо өтө турган ЭКСПО-2025 бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүндө павилиону ачылат

Экономика Загрузка... 17 Февраль 2025 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 17.02.25. /Кабар/. Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Кыргызстандын Япониянын Осака шаарында өтө турган ЭКСПО-2025 бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнө катышууга даярдыгы боюнча кеңешме өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, дүйнөлүк көргөзмө үстүбүздөгү жылы 13-апрелден 13-октябрга чейин өтөт.

Кеңешмеде Кыргызстан павильонунун даярдалышы, ЭКСПО-2025 бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн концепциясы, көргөзмөнүн алкагында бизнес-форум өткөрүү, Кыргызстандын Улуттук күнүнүн программасы жана башка уюштуруу маселелери талкууланды.

Талантбек Иманов жооптуу орун басарына ЭКСПО-2025 бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүн өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча ишти күчөтүүнү тапшырып, процесстин бардык катышуучуларынын аракеттерин дыкат координациялоо жана эл аралык аренада Кыргызстанды жогорку деңгээлде таанылышын камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи.

"Осакада ЭКСПО-2025 бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн башталышына эки айга жетпеген убакыт калды, Осакадагы көргөзмөнүн алкагында бизнес-форумга байланыштуу бардык уюштуруучулук маселелерди чечүүнү тездетип, ага бардык аракетиңиздерди жумшооңуздарды суранам. Бул көргөзмө дүйнөнүн көңүл чордонунда болот, биз бай республикабыздын мүмкүнчүлүктөрүн толук көрсөтүшүбүз керек", — деди Талантбек Иманов.

Директордун орун басары Жалын Жээналиев Кыргызстандын павильону улуттук стилде жасалып, анда эки маданияттын — кыргыз жана жапон маданиятынын биригүүсү чагылдырыларын айтты.

"Кыргызстандын павильонун жасалгалоо иштерин таланттуу дизайнер Дилбар Ашимбаева жүргүзөт", — деп кошумчалады Жалын Жээналиев.

Эске салсак, 2025-жылдын 13-апрелинен 13-октябрына чейин Осака шаарында (Япония) бүткүл дүйнөлүк ЭКСПО-2025 көргөзмөсү өтөт!