AkylAI жана Mirror Look. Кыргызстан Японияны инновациялары менен таң калтырды

Санарип Кыргызстан 9915 14 Апрель 2025 15:38
490540297_984061027244857_6392299065895723520_n.jpg
491578675_984060990578194_158719934586856832_n.jpg
491752908_984061037244856_7334489832222042687_n.jpg
Алдыга
Артка
490540297_984061027244857_6392299065895723520_n.jpg
491578675_984060990578194_158719934586856832_n.jpg
491752908_984061037244856_7334489832222042687_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку технологиялар паркы

Бишкек, 14.0425. /Кабар/. Япониянын Осака шаарында өтүп жаткан "Экспо-2025" көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын павильону инновациялык технологияларды жана бай улуттук салттарды айкалыштыруу менен чыныгы сенсация жаратты.

Конокторду Жогорку технологиялар паркынан билдиришкендей, анда өнөктөш — The Cramer Project тарабынан түзүлгөн AkylAI акылдуу колонкасы негизги кызыгууну жаратты. Осакадагы көргөзмө үчүн колонка жапон тилин үйрөнүп, эми кыргыз, англис жана жапон тилдеринде сүйлөйт.

Андан тышкары, коноктор Mirror Look — улуттук кыргыз кийимдерин виртуалдык түрдө кийип көрүүгө мүмкүндүк берген IT-продуктуну сынап көрө алышты. Жасалма интеллект коноктун салттуу кийимдеги сүрөтүн жаратат жана аны дароо телефонго жүктөп алууга болот

"Экспо-2025" көргөзмөсү 13-апрелде Осака шаарында старт алды. Кыргызстандын павильонунда органикалык продукциялар көрсөтүлүп, туруктуу өнүгүүгө жана туризмге басым жасалган.

Бул жылы салттар жана технологиялар бирге келе жатат: Кыргызстан инновациялардын жери катары көрсөтүлүүдө.

IT-кызматтардын экспортунун көлөмү өсүүдө. 2024-жылы Жогорку технологиялар паркынын резиденттери гана 10,67 млрд сомго ($122 млн) кызмат экспорттошту. Бул 2023-жылга салыштырмалуу 45%га көп.

Ошол эле учурда Японияга экспорттун көлөмү 2016-жылдагы $235 миңден 2024-жылы $1,2 миллионго чейин көбөйдү.

Кыргызстан IT-өлкөгө айланууда жана бул тууралуу бүт дүйнө билиши керек.