Адылбек Касымалиев Жогорку технологиялар паркына барды

Министрлер кабинети 2248 26 Март 2025 13:00
67e39887e6d37.jpg
67e3988abddc9.jpg
67e3988a6b075.jpg
67e3988a17f6d.jpg
67e3988a17ff9.jpg
67e39889b457a.jpg
67e39889b4343.jpg
67e3988975349.jpg
67e398892e728.jpg
67e3988974b44.jpg
67e398892f798.jpg
67e39888e776a.jpg
67e39888e6e74.jpg
67e39888b62fb.jpg
67e39888b73f9.jpg
67e398886df4c.jpg
67e398886e5b1.jpg
67e39888312f2.jpg
67e398882e961.jpg
67e39887e6b5c.jpg
Алдыга
Артка
67e39887e6d37.jpg
67e3988abddc9.jpg
67e3988a6b075.jpg
67e3988a17f6d.jpg
67e3988a17ff9.jpg
67e39889b457a.jpg
67e39889b4343.jpg
67e3988975349.jpg
67e398892e728.jpg
67e3988974b44.jpg
67e398892f798.jpg
67e39888e776a.jpg
67e39888e6e74.jpg
67e39888b62fb.jpg
67e39888b73f9.jpg
67e398886df4c.jpg
67e398886e5b1.jpg
67e39888312f2.jpg
67e398882e961.jpg
67e39887e6b5c.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку технологиялар паркына (ЖТП) барды.

Минкаб төрагасы ЖТПнын жаңыланган инфраструктурасы менен таанышып, жүргүзүлгөн оңдоо иштеринин жыйынтыгын көрдү.

Анда ЖТПнын жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурулуп, мамлекеттик тилде сүйлөгөн “Акылай” акылдуу колонкасы тууралуу маалымат берилди.

ЖТПнын директору Азис Абакиров уюмдун 2024-жылга карата аткарган ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасап, негизги көрсөткүчтөргө, анын ичинде адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана IT-секторуна инвестиция тартууга басым жасады. Ал ошондой эле президентке жана министрлер кабинетинин төрагасына көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, ЖТПнын ийгиликтүү иштешинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Адылбек Касымалиев Кыргызстандын санариптик экономикасын өнүктүрүү үчүн ЖТПнын стратегиялык маанисин ырастап, мамлекет менен IT-коомчулугунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы ЖТП жогорку технологиялар чөйрөсүндөгү негизги аймактык хаб болуу үчүн бардык зарыл потенциалга ээ экендигине ишенимин билдирип, “атаандаштыкка жөндөмдүү IT-экосистеманы түзүү жалпы максат” экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө ЖТПны мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, анын ичинде инвестицияларды тартуу, IT-билим берүүнү стимулдаштыруу жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Министрлер Кабинети бул багыттарды ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү көздөйт.

Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев ЖТПнын резиденттерине өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекет Жогорку технологиялар паркын жана анын резиденттерин өнүктүрүүдө мындан ары да ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтөөрүн белгиледи.