Кыргызстандын мектептеринде математика сабагы көбүрөөк өтүлө баштайт

Билим Загрузка... 28 Апрель 2025 15:55
WhatsApp_Image_2025_2q24h9J.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. "Алтын Казык" билим берүү реформасынын алкагында Кыргызстандын мектептеринде математика сабагын окутууга бөлүнгөн сааттардын саны көбөйөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өткөн иш-чарада билдирди.

Министрдин айтымында, окуучулардын билим алуудагы жетишкендиктери боюнча акыркы улуттук изилдөө балдардын 62 пайызы базалык функционалдык математикалык сабаттуулукка ээ эмес экенин көрсөткөн.

"Бул дисциплинаны окутуу үчүн дагы бир саат кошобуз. Анткени, заманбап дүйнөдөгү атаандаштык экономика, рыноктун ылдам трансформациясы жана климаттын өзгөрүү шарттарында математикасыз жана так илимдерсиз бала да, Кыргызстан да ийгиликке жете албайт", - деп түшүндүрдү министр.

Ошондой эле Кендирбаева 12 жылдык окутууга өтүүнүн биринчи этабында мугалимдердин жүгү бир аз өзгөрөрүн айтты. Ал эми окуу пландарындагы олуттуу өзгөрүүлөр тууралуу жакында айтылаарын министр кошумчалады.