Учурда өлкөдө 12 жылдык билим берүүгө өтүү, балдарды мектепке каттоо талкуу жараткан актуалдуу маселе болууда. Өзгөчө быйыл балдары мектепке бара турган ата-энелер арасында түшүнбөстүктөр арбын. Мектепке каттоо жана 12 жылдык билим берүүгө өтүүдөгү айрым өзгөртүүлөр тууралуу кененирээк айтып беребиз.
Бүгүнкү күнгө карата https://1mektep.edu.gov.kg/ky сайтындагы автоматтык түрдө эсептөөчү ачык маалыматта 95 миңден ашык бала ата-энелер тарабынан мектепке катталган. Мектептердеги орундардын жалпы саны 285 миңден ашат. 1-класска барчу балдарга 148 миң 630, ал эми 2-класска бара тургандарга 136 миң 930 орун каралган. Сайтта көрсөтүлгөндөй, учурда бош орундардын саны 190 миңден ашык.
Ал эми расмий маалымат боюнча жылына 1-класска 120-130 миңдин тегерегинде бала кабыл алынып келсе, быйыл 250 миңге жакын бала 1-2-класстарга кабыл алынат.

Учурда каттоонун биринчи этабы жүрүп жаткандыктан, тандаган мектеп каттоо дарекке жакын жайгашса, 1-июнга чейин ата-энелер ошол мектепке балдарын каттоосу зарыл. Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан балдарды мектепке каттоо иши эки этап менен жүргүзүлөрү айтылган. Биринчи этаптын мөөнөтү 1-июнда аяктап, экинчи этап 2-июндан 15-августка чейин жүргүзүлөт.
Өлкөдөгү санариптештирүүнүн алкагында адамдык факторлорду, коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо, каттоону жеңилдетүү максатында “Түндүк” тиркемесине баланы мектепке каттоо системасы киргизилген. Ошондой эле https://1mektep.edu.gov.kg/ky сайты аркылуу каттоо да жеткиликтүү.
Буга чейин маалымдалгандай, баланы кайсы класска каттоону система өзү аныктайт. Ата-эне системага фамилиясын киргизгенде баланын идентификациялык жеке номери (ИЖН) аркылуу аныкталат. Бала 2019-жылы төрөлсө 1-класска катталуу сунушталат, эгер мектепке чейинки даярдык программасынан өтүп, бала 2019-жылы төрөлсө 1-класска катталуу сунушталат, эгер мектепке чейинки даярдык программасынан өтүп, 2018-жылы же 2019-жылы туулган болсо система 2-классты сунуштайт. Белгилүү болгондой, өлкөдө киргизилип жаткан 12 жылдык билим берүү системасына ылайык, алдыдагы окуу жылында 1-2-класстарга балдар кабыл алынууда.

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда билдиргендей, быйыл мектептерге мурункуга салыштырмалуу 80 миңдей бала ашыкча келет.
“Быйылкы окуу жылында мектепке мурдагыдан көп балдар кабыл алынып жаткандыктан 3 миңден ашуун класс жана 3 миңден ашуун мугалим даярдалышы керек. Жаңы мугалимдер окутулуп, даярдалат. 12 жылдык жаңы системага өтө турган класстарда иштей турган мугалимдер өзүнчө окутулат. Колледждердин, университеттин бүтүрүүчүлөрүн, даярдоо класстарынын педагогдорун, бош жүргөн мугалимдерди кайра даярдоо аркылуу ишке тарабыз. Окутуу эки багытта жүргүзүлөт: биринчиси сентябрь башталганга чейин мугалимдер окутулуп, жаңы окуу жылында ишке кирет. Андан соң 1-2-каникулда да окутуулар уюштурулат. 3-каникулда да окутуу пландаштырылууда. Жаңы моделге өтпөгөн мугалимдерди да окутуу өткөрүлөт”,- деди Алмазбек Токтомаметов.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, быйыл 2018-жылы төрөлүп мектепке чейинки даярдыктан өткөн же нөлдүк классты бүткөн балдар экинчи класска секиришет.
Маалыматта айтылгандай, 2025-2026-окуу жылында 1-класска бара турган 2019-жылы төрөлгөн 6 жаштагы балдар 12 жылдык жаңы программа менен окушат. Ал эми 2-класска секирик менен кабыл алынган 7 жаштагы балдар да жаңы программа менен 11 жыл окушат. Калган класстар башта айтылгандай секирик жасабайт бирок, 5-7-класстар жаңы программа менен окушат. Ошентип быйыл 1-2 жана 5-7-класстарга жаңы программаларды киргизүү менен 12 жылдык билим берүүгө өтүү пландалууда. Ошондой эле учурда жаңы концепциянын министрлер кабинети тарабынан бекитилиши күтүлүп жатканы кошумчаланды.
Чындыгында буга чейин калыптанып калган билим берүү системасын өзгөртүп, 12 жылдыкка өтүү министрлик үчүн оңойго турган жок. Эң негизгиси билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында бардык кыйынчылыктарга карабастан министрлик, билим берүү мекемелери тарабынан учурда алгылыктуу иштер аткарылууда.