Жаңы министрликтердин түзүлүшү билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт – серепчи

Пикир Загрузка... 13 Май 2025 16:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 13.05.25. /Кабар/. Учурдагы 12 жылдык окутууга өтүү алдында билим берүү тармагындагы трансформациялык иш-аракеттер билим берүүнүн сапатын жакшыртууга, бул багыттагы иштердин эффективдүү жүрүшүнө өбөлгө түзөт. Мындай пикирин “Кабар” маалымат агенттигине билим берүү маселелери боюнча серепчи Асылбек Жоодонбеков билдирди.

Анын айтымында, Билим берүү жана илим министрлигинин экиге бөлүнүшү башкарууда жана каражатты бөлүштүрүүдө ишмердүүлүктү конкреттештирип, бир багытка үңүлүүгө мүмкүнчүлүк берет.

“Министрлер кабинетинин илим, жогорку билим берүү системасын өзүнчө, негизинен мектептик билим берүүнү өзүнчө министрлик кылып түзүшү учурдагы иштин сапатын жана натыйжалуулугун арттыруунун бир жолу катары каралып жатса керек. Ар бир иштин оң, терс жагы болот эмеспи, жакшы жагынан үмүт кылалы. Агартуу министрлиги мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү тармагын камтып жатат. Учурда өзгөчө мектеп багыты чечкиндүү аракеттерди талап кылууда ”,- деди Жоодонбеков.

Ошондой эле бул өзгөрүүнүн аркасынан Агартуу министрлигине бир багытта жогорку деңгээлде иш алып баруу чоң жоопкерчилиги жүктөлгөндүгүн кошумчалады.

“Агартуу министрлиги бул аракеттерди өздөрүнө чакырык катары кабылдоосу керек. Анткени, министрликке олуттуу жаңылыктарды киргизүүгө, ийгиликтерди жаратууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат деп ойлойм. Ошол эле мезгилде чоң жоопкерчилик жүктөлүп, ишеним артылууда. Бул жерде министрликтин чечкиндүүлүгү, кадрлардын компетенттүүлүгү абдан маанилүү.

Бүгүнкү күндө коомдун көңүлү мектептеги билим берүүгө өзгөчө бурулуп турат. Ата-энелер, коомчулук, мектеп билим берүүнүн сапатын көтөрүүдө кайдыгер калбастан, бул багыттагы талкууларды күчөтүп, колдорунан келген жардамдарын көрсөтүүлөрү максатка ылайык. Министрлик сапаттык көрсөткүчтөрдү жакшыртып, ата-энелердин, коомчулуктун ишенимин жогорулата алса, бул жаңы түзүлгөн Агартуу министрлигинин эң чоң жетишкендиги болмокчу”,- дейт эксперт.

Белгилүү болгондой, Билим берүү жана илим министрлиги менен Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин базасында эки өз алдынча министрлик түзүлүп, тиешелүү жарлыкка 12-майда президент Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, жаңы түзүлгөн Агартуу министрлигине мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функциялар жүктөлөт. Ал эми Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүн камтыйт.

Белгилей кетсек, бул өзгөрүүлөр камтылган жарлык жогорку билим берүү, илимий жана инновациялык иштер чөйрөсүндө башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жаш окумуштуулардын илимий-изилдөө иштерге катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында кабыл алынган.

Ошол эле күнү президент кол койгон дагы бир жарлыкка ылайык, Догдуркүл Кендирбаева мурда ээлеген Билим берүү жана илим министри кызмат ордунан бошотулуп, агартуу министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Жогоруда айтылгандай, эми бул министрликке бир эле учурда мектепке чейинки билим, мектеп, лицейлер, жогорку окуу жайлар, илимий чөйрө сыяктуу бир канча багыттар карабай, бир тармакта максаттуу иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп түзүлөөрүн жана демилгени президент колдоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өткөн жылдын декабрь айында өткөн III Элдик курултайда маалымдап, Билим берүү жана илим министрлиги негизи экиге бөлүнүүнү талап кылган чоң тармак экенин билдирген.