Бишкек 02.04.25 /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Катчылыгынын базасында Кытайдагы "ШКУ үй-бүлөсү" элчиликтери менен биргеликте уюштурулуп, "Нооруз-2025: салттардын гармониясы жана туруктуу өнүгүү" урааны астында өттү.
Ошондой эле майрамга ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, уюмга мүчө мамлекеттердин, байкоочулардын жана диалог боюнча өнөктөштөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери жана өкүлдөрү, кытай тараптын бийик даражалуу коноктору жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Майрамдык салтанаттын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук музыкалык чыгармаларынан концерттик программа тартууланды.
Кыргызстандын элчилиги кыргыз элинин улуттук тамак-ашынан даам таттырууну уюштуруп, кол өнөрчүлүк көргөзмөсүн өткөрүп, ошондой эле конокторду Кыргызстандын маданияты жана көркөм жерлери менен тааныштыруу үчүн туристтик жана маалыматтык буклеттерди сунуштады.
Маалымат үчүн: Быйыл БУУнун Башкы ассамблеясынын Эл аралык Нооруз күнү деп жарыялаган резолюциясын кабыл алганына 15 жыл болду.