Бишкек, 29.03.25. /Кабар/. Эл аралык S&P Global Ratings рейтинг агенттиги Кыргыз Республикасына B+ кредиттик рейтингин «Туруктуу» деп тапты.
Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, бул маанилүү жетишкендик экономикалык реформалардын ийгиликтүү ишке ашырылганын, инвестициялык чөйрөнүн бекемделгенин жана каржы секторунун туруктуу өнүгүп жатканын тастыктайт.
Отчетто эмне белгиленди?
- 2022–2024-жылдары ИДПнын өсүшү 9%
- Ички керектөөнүн 15% га көбөйүшү
- Иштебей жүргөндөрдүн деңгээли 4% га төмөндөдү
- Банктардын өнүгүшү жана инвесторлордун ишениминин жогорулашы.
Белгилей кетсек, бул рейтинг жаңы финансылык мүмкүнчүлүктөрдү ачат, анын ичинде суверендүү евробонддордун чыгарылышы жана кыргызстандык компаниялардын эл аралык капиталга жеткиликтүүлүгүнүн кеңейишин камсыздайт.
“Кыргызстан туруктуу өсүш жана өнүгүү үчүн бекем негиз түзүп, алдыга умтулууда”,-деп айтылат маалыматта.