Азыркы дүйнө оор мезгилди баштан өткөрүп жатат. Геосаясий туруксуздук, дүйнөлүк жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашы, өсүп жаткан протекционизм, кагылышуулар жана климаттык кризистер жаңы, туруксуз эл аралык тартипти калыптандырууда. Мындай шартта ишенимге негизделген туруктуу эки тараптуу мамилелер өзгөчө баалуу. Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасы ачыктык, практикалык кызматташуу жана тең укуктуу өнөктөштүк мамилесин көрсөтүп келет.
Акыркы жылдары Италиянын Борбор Азияга болгон кызыгуусу артууда, бул Европа биримдигинин Борбор Азия региону боюнча жаңы стратегиясында чагылдырылган (2025-жылдын апрелинде Самаркандда өткөн ЕБ-БА биринчи саммитинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган кызматташтыктын негизги аспектилеринин тизмеси). Бул контекстте Кыргызстан өзүнүн ишенимдүү өнөктөшү Италия менен экономика, соода жана инвестициялар, туруктуу өнүгүү жана климаттык демилгелер боюнча кызматташтыгын күчтөндүрүүдө.

Кыргызстан менен Италиянын мамилелеринин жаңы баскычы
Кыргыз Республикасынын Римдеги элчилиги эки өлкөнүн министрликтеринин, парламенттеринин, ошондой эле коомдук жана илимий чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүү менен эки тараптуу диалогду өнүктүрүүдө негизги ролду ойнойт.
Белгилүү болгондой, Кыргызстандын Италиядагы элчилиги 2020-жылдын август айында ачылып, италиялык тарап менен саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды чыңдоодо өз алдынча иш баштаган.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн салыштырмалуу жакында ачылганына карабастан, Кыргыз Республикасы кыска 5 жылдык мөөнөттүн ичинде Италия Республикасы менен эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө гана эмес, өнүктүрүүгө да жетишти. Бул аз убакыттын ичинде биз италия тарап менен саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда иш алып баруудабыз.

Президенттин сапары жана жаңы деңгээл
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 3-4-октябрында Италияга болгон мамлекеттик сапары кыргыз-италия мамилелериндеги бурулуш учур болду. Бул сапар Кыргыз Республикасынын жетекчилиги тарабынан жаңыланган ички саясатты эске алуу менен өлкөнүн тышкы саясий артыкчылыктары боюнча Кыргыз Республикасынын учурдагы позициясын ырастады.
Буга ылайык, сапардан кийин эки тараптуу мамилелердин өсүүсү байкалды. Элчилик визиттин жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды жогорку деңгээлде ишке ашыруу боюнча аракеттерди көрүп, жолугушууларды өткөрүү жана тиешелүү келишимдерди түзүү үчүн италиялык компаниялардын Кыргыз Республикасына иш сапарларын үзгүлтүксүз уюштурууда. Мындан тышкары, Римде кыргыз рыногуна инвестиция салууга кызыкдар ири инвесторлор менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Геосаясий мааниге ээ Саммит
2025-жылдын 30-майында Астанада Борбор Азия - Италия саммитинин өткөрүлүшү негизинен геосаясий жылыш болуп саналат, бул тараптардын диалогду жаңы деңгээлге көтөрүү каалоосун далилдейт. Италиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну чыңдоого болгон кызыгуусу аймактагы мамлекеттердин өздөрүнүн тышкы саясий кызыкчылыктарына толук жооп берет. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Саммиттеги жолугушуусу жана Италиянын жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр кыргыз-италиялык мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болду.

Соода-экономикалык жана аймактык кызматташтык
Элчилик соода жана экономика тармагында да жигердүү иш жүргүзүүдө. Италиянын 100дөн ашуун компаниясы менен жолугушуулар өткөрүлүп, 10дон ашууну Кыргызстанга келип, мамлекеттик органдар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Эң маанилүү жетишкендиктердин бири болуп инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча макулдашууга кол коюлушу болду, бул соода-экономикалык багытта кызматташууну чыңдоого италиялык тараптын кызыкдар экендигин ачык көрсөтүп турат.
Эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы кызматташтыкты жолго коюу боюнча да күжүрмөн иштер аткарылды. Учурда Кыргызстан менен Италиянын шаарларынын ортосундагы бир тууган шаар мамилелери боюнча 6 меморандумга кол коюлуп, өз ара иш сапарлар уюштурулуп, тараптар аймактарды өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашууда.

Маданий-гуманитардык багыт
Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштар да өзгөчө орунда турат. Италия дүйнөлүк маданияттын бешиги катары бул багытта чоң мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт. Элчилик италия тарап менен театрлардын, искусство академияларынын, тарыхый-археологиялык кызматтардын, музыкалык окуу жайлардын жана спорт федерацияларынын ортосунда тажрыйба алмашуу жаатында иштерди баштады.
Кыргыз маданий мурасын жайылтуудагы жана Кыргызстан менен Италиянын маданий-гуманитардык кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү олуттуу окуялардын бири Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышы болду. Ошентип, 2025-жылдын 27-февралында Римдин престиждүү Париоли районундагы "Вилла Грациоли"паркында дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылышы болду. Буга чейин, 2024-жылдын октябрында Римде Кыргызстан паркынын ачылышы болгон.
Ошондой эле, 2025-жылы белгилүү италиялык режиссер Микеле Пласидонун Бишкек эл аралык кинофестивалына катышуу үчүн Кыргызстанга иш сапары уюштурулган.

Элчиликтин көп тармактуу ишмердүүлүгү
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Римдеги элчилиги ошондой эле Римдеги ФАО/ ВПП / ИФАД алдындагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлчүлүгү болуп саналат. Ошого жараша улуттук демилгелер, эл аралык долбоорлор алдыга жылдырылып, азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул эл аралык багытта Туруктуу өкүлчүлүк да жигердүү иштерди жүргүзүп, иш сапарларды уюштуруп, чет мамлекеттерден колдоо алуу үчүн жолугушууларды өткөрүп турат.

Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо
Италия Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо да элчиликтин ишинин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Элчилик жарандарды күн сайын кабыл алып, студенттерге, ошондой эле жарандарга мыйзамдуу ишке орношууга көмөк көрсөтөт.
Жыйынтыктап айтканда, лчиликтин ишмердүүлүгү жөн гана жолугушуулар менен чектелбестен, элчилик белгилүү бир натыйжага жетишүүгө, улуттук кызыкчылыктарды алдыга жылдырууга жана Кыргыз Республикасынын эл аралык имиджин бекемдөөгө багытталган.