Кыргызстандын ирригация тармагына 193 млн доллар инвестиция тартылат

Министрлер кабинети 16 Май 2026 12:00
6a07f2379c500.jpeg
6a07f2317b540.jpeg
6a07f23169d50.jpeg
6a07f1f8ea6e6.jpeg
6a07f1f8e4c61.jpeg
6a07f1dbd45ba.jpeg
6a07f1d0bae31.jpeg
6a07f1d07faf2.jpeg
6a07f1d057f82.jpeg
6a07f1cfd0490.jpeg
6a07f1cf80eca.jpeg
6a07f1cf3b1e2.jpeg
6a07f1cebb6d3.jpeg
Алдыга
Артка
6a07f2379c500.jpeg
6a07f2317b540.jpeg
6a07f23169d50.jpeg
6a07f1f8ea6e6.jpeg
6a07f1f8e4c61.jpeg
6a07f1dbd45ba.jpeg
6a07f1d0bae31.jpeg
6a07f1d07faf2.jpeg
6a07f1d057f82.jpeg
6a07f1cfd0490.jpeg
6a07f1cf80eca.jpeg
6a07f1cf3b1e2.jpeg
6a07f1cebb6d3.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 16.05.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Дүйнөлүк банк жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү менен суу чарба тармагына инвестиция тартуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуу Кыргызстанда суу ресурстарын башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу максатында болду.  

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө “Ирригацияга инвестициялардын улуттук программасы” долбоору талкууланып, анын алкагында 193 млн АКШ доллары көлөмүндө каржылоо мамлекетке тартуу каралды. 

Белгилей кетсек, бул долбоор ирригациялык инфраструктураны жаңылоого, суу ресурстарын башкарууну жакшыртууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Мындан тышкары, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Өмүкө сугат каналынын жана Талас облусунун Бакай-Ата жана Айтматов райондорундагы Чоң Талас каналынын долбоордук-сметалык документтерин даярдоо маселелери каралды. Бул максатта 650 миң АКШ доллары көлөмүндө гранттык каражат бөлүнөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жана Дүйнөлүк банк өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү протоколдорго кол коюшту.