Кыргызстандын имамдарына кызматтык унаалар тапшырылды

Коом Загрузка... 25 Март 2025 13:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы

Бишкек, 25.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 25-мартта Кыргызстандын имамдарына кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, автоунаалар рамазандык иш-чара учурунда тапшырылып, ага Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Абдулазиз Закиров, муфтийдин орун басарлары, БТК төрагасы жана дин кызматкерлери катышты.

"Иш-чаранын максаты - аймактардагы дин кызматкерлеринин ишин жеңилдетип, оптималдаштыруу жана калкка ыңгайлуу жана сапаттуу диний кызматтарды көрсөтүү. Кызматтык унаалар облустун дин кызматкерлерине өз милдеттерин тез жана сапаттуу аткарууга шарт түзөт",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 18-декабрында ата мекендик өндүрүштөн чыккан Chevrolet үлгүсүндөгү 20 автоунаа тапшырылган болсо, бүгүн 29 кызматтык унаа тапшырылды.