Кыргызстандын илим тармагына Кореядан инвестиция тартылат

Билим 17 Апрель 2026 15:05
671499501_122119255791204621_8686669728134984364_n.jpg
672690370_122119255815204621_2233772793444816511_n (1).jpg
671553415_122119255881204621_5652293201159821690_n (1).jpg
672004257_122119255845204621_8010136978821692384_n.jpg
672378331_122119255893204621_3457415415394823612_n.jpg
673521076_122119255779204621_5213372885620552256_n.jpg
673862636_122119255911204621_3801815070893688945_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.04.26. /Кабар/. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары Гүлнура Мамырова Кореянын Ыраакы Чыгыш университети, Чхунбук технопаркы жана инвестициялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, тараптар жогорку билим берүү, инновация жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытында кызматташууну талкуулашты.

Өзгөчө көңүл төмөнкү маселелерге бурулду:

  • студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн кеңейтүү;
  • энергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары жаатында адистерди даярдоо;
  • заманбап лабораторияларды түзүү жана технопарктарды өнүктүрүү;
  • илим тармагына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу.

Мамырова белгилегендей, бул кызматташтык инженердик кадрларды даярдоого жана заманбап технологияларды киргизүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

“Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду”,– деп айтылат маалыматта.