Кыргызстандын фасаддык кирпичтери чет өлкөлөргө экспорттолууда

Экономика 15 октябрь 2026 15:00
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Сырткы фасаддарды каптоого арналган кирпичтерди чыгарган “Тамга керамик” ишканасы жылына 9–10 миллион даана продукция өндүрүүгө жөндөмдүү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине ишкананын сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Бактыбеков KYRGYZSTAN EXPO – 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026 эл аралык көргөзмөлөрүндө билдирди.

Анын айтымында, ишкана 5–6 жылдан бери иштеп келет. Учурда фасаддарды каптоого арналган кирпичтин 15ке жакын түрүн чыгарат. Быйыл көп кабаттуу үйлөргө ылайыкталган клинкердин жаңы түрүн өндүрө баштаган.

“Завод күнүнө 30 миң даана кирпич чыгарууга жөндөмдүү. Продукция учурда Өзбекстан менен Казакстанга жөнөтүлүп келет. Мындан тышкары, Кытайга да жеткирилген. Беларусь менен экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Бүгүн көргөзмөлөрдүн биринчи күнү өтүп жатат. Компанияны таанытуу жана катышуу максатында келгенбиз. Биздин продукцияга кызыккандар болуп жатат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы “Жаштык Арена” комплексинде KYRGYZSTAN EXPO – 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026 эл аралык көргөзмөлөрү өтүп жатат. Ага 7 өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Иш-чара 17-октябрга чейин уланат.