Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Өзбекстандын VMEX компаниясы Кыргызстанда өз өндүрүшүн ачып, ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү пландоодо. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Мукаддас Өздемир KYRGYZSTAN EXPO – 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026 эл аралык көргөзмөлөрүндө “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Ташкент шаарында жайгашкан ишкана буу жана суу жылытуучу казандарды, кеңейтүүчү бактарды жана бойлерлерди чыгарат.
Компаниянын Бишкекте суу жумшартуу жана чыпкалоо жабдууларын саткан өкүлчүлүгү бар. Келечекте Кыргызстанда өндүрүш ачып, өз брендин жайылтуу жана башка Азия өлкөлөрүнө чыгуу максаты коюлган.
“Көргөзмө абдан жакшы өтүп жатат, ага келгендер көп. Казандарга жана бойлерлерге суроо-талап да жогору болууда. Эртеден бери эле 30га жакын адам бойлер жана казандарды алып кетти. Айрыкча буу казандарына, анын ичинде көмүр менен иштеген буу казандарына муктаждык чоң. Ошондуктан келечекте Кыргызстанда туруктуу иш алып барууну каалайбыз. Бул жер бизге абдан жагып жатат”, - деди ишкер.