Кыргызстандын энергетикалык потенциалы: Түрк ишкерлери ири долбоорлорго кызыкдар

Министрлер кабинети Загрузка... 13 Май 2026 10:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “RHOFA Energy” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Хазрети Акдемир баштаган Түркиядан келген делегацияны кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика тармагында эки тараптуу кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү, өзгөчө энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жаатында, тагыраагы Кыргызстанда күн электр станцияларын куруу маселесине көңүл бурулду. 

Анда Түркия энергиянын кайра жаралуучу булактарында иш алып барууда жогорку өсүү динамикасын көрсөткөнүн, акыркы жылдары күн жана шамал булактарынан электр энергиясын өндүрүү жогору деңгээлге жеткени айтылды. Бул багытта минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан бул тажрыйбаны пайдаланууга жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүп, инвестициялар жана заманбап технологияларды тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде “RHOFA Energy” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Хазрети Акдемир, акыркы жылдары Түркияда Кыргызстандын өнүгүү жолуна түшкөндүгү тууралуу жакшы маалыматтар көп угулуп баштаганын, ошол себептүү ишкерлик, өз ара соода жүгүртүү жана энергетика тармактарында тыгыз иштешүүгө кызыкдар болуп келгендигин билдирди. 

Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда энергетика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү жана өзгөчө энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча инвестицияларды кеңейтүү максатында, Түркияда жайгашкан “RHOFA Energy” компаниясынын Кыргызстанда инвестициялык жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн бир катар тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кароо пландалууда.