Кыргызстандын элчиси Москвада Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу лекция окуду

Коом 17 сентябрь 2025 15:35
dARFJLE5Ro70wp2qEgiqZGQImDDJUH2EA-wjFB_saNJy7kEvYh_SjBrvIvI00hXxG0OLP4pUqegqwiv35_EF1v2D.jpg
y85vU3N-kyuKtwY6_c83Sj2Kp2RANQFeI5Cdtm0RTk_YrzpAk5i2heYzH8ZhdFAVqWUEd4FtVdCPAkWz9tYbfA5f.jpg
p6wC0VJz1LnRvUmScZM9P6RzTwJrMYsoCvx18uaoPcysFmAnKHXVXvb6WAYGj3DDphu40mk1vyoW8Alc_erAs4vw.jpg
O0iGiyn9PGzeCGNTqeRmAvQxKmoh7WGBg4WS4BBoWXkFyIVHksDSvJI1cyb8ePddhTKjz3meHCB1jiYb-4PAA25A.jpg
NVMpi92W8VPjLsyo5XRDLNiBWsxDt3-Yw6_i_-irKzgqNzg_coXvC1wntd8wpibBgX9ez1CzzJu-aMNcokA57lJz.jpg
K4Ep3s2qd92qQT6z1ODKETlY9fDTB7OaXJl1XlvFb-gMEBMq27H9dT4N9eVOy-xrCsowa0SyaFdPV9ANYoiyOriQ.jpg
9HnaKr1NRtQ2DoGA7lptUhC7HZuR8upSjdybRQVTFWcHGHrFa3LM6qIFNrGGpig8k3zgkNtgFjej4r_r-LZ5GaW0.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 17.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин (ММЛУ) «Айтматовдук окуулар» эл аралык долбоорунун алкагында Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган лекциялардын сериясынын салтанаттуу ачылышына катышты.

ТИМден билдиришкендей, элчи дүйнөгө белгилүү жазуучу, Кыргыз Республикасынын коомдук жана мамлекеттик ишмери, дипломат Чыңгыз Айтматовдун жалпы чыгармачылыгына жана дипломатиялык ишмердүүлүгүнө арналган баяндамасы менен чыгып сүйлөп, жазуучунун дүйнөлүк адабияттын жана азыркы кыргыз дипломатиясынын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилеп кетти.

Иш-чарага ММЛУнун 60тан ашык студенттери, аспиранттары жана окутуучулары катышты.

Ошондой элчи Кубанычбек Бөкөнтаев ММЛУнун ректору И.Краева менен жолугушту. Анда гуманитардык билим берүү тармагында Кыргызстандын жогорку окуу жайлары менен ММЛУнун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги жана гуманитардык билим берүү чөйрөсүндөгү университеттер аралык кызматташтыкты чыңдоо талкууланды.

Элчи жаштарды билим берүү жана тарбиялоо максаттарын көздөгөн «Айтматовдук окуулар» сыяктуу эл аралык долбоорлорду өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.