Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Жусуп Матаев акыркы сапарга узатылды

Маданият 18 Сентябрь 2025 15:35
550416812_1089685093323246_2665434918699104720_n.jpg
549728193_1089685326656556_6199518674925978355_n.jpg
548479723_1089685606656528_3268321401572040774_n.jpg
548925214_1089686396656449_2522005374611625560_n.jpg
547107919_1089685403323215_2158268843748736225_n.jpg
548672441_1089685013323254_7462778617627953026_n.jpg
548137938_1089685373323218_5242937304754891374_n.jpg
548020645_1089685143323241_6075549072585562689_n.jpg
546929582_1089685056656583_6236766978565350582_n.jpg
548750884_1089685033323252_6484761715321115557_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, “Даңк” медалынын ээси, мамлекеттик Туунун авторлорунун бири Жусуп Матаевди акыркы сапарга узатуу аземи өттү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, зыйнатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев жана бир катар коомдук, маданий ишмерлер катышты.

Сөз сүйлөгөндөр маркумдун кыргыз искусствосуна кошкон салымын, чыгармачылык мурастарын жана инсандык бийик сапаттарын белгилешип, анын ысымы улуттук маданияттын тарыхында түбөлүк каларына басым жасашты.

Жусуп Матаев “Токтогул Сатылганов”, “Кыз куумай”, “Байбиче” сыяктуу эмгектери жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Туунун авторлорунун бири катары элибиздин эсинде сакталып калат.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.