Ташкент, 28.04.25. /Кабар/. Кыргызстан делегациясы 26-28-апрель күндөрү байыркы Хива шаарында өтүп жаткан IV Эл аралык бахши өнөр фестивалына катышууда. Бул тууралуу Өзбекстандын Маданият министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргызстандын делегациясынын курамында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев, «Манас» улуттук академиясынын президенти Азиз Биймирза уулу жана белгилүү манас таануучу окумуштуу Таланталы Бакчиев бар.
Иш-чаранын алкагында «Жаңы Өзбекстандагы бахшичилик өнөрү: заманбап изилдөөлөр жана келечек» темасында эл аралык илимий-практикалык конференция жана «Түрк дүйнөсүнүн маданият форуму – II» өткөрүлдү. Конференцияда кыргызстандык окумуштуу Таланталы Бакчиев дүйнөлүк маданияттын өнүгүшүндө «Манас» эпосунун орду тууралуу доклад жасады.
Фестивалдын кадырлуу конокторунун катарында Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков, Азербайжандын маданият министри Адиль Керимли, ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев, ошондой эле Өзбекстандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болду.
Фестивалдын негизги окуяларынын бири — эл аралык конкурс болуп, катышуучулар эки номинация боюнча ат салышууда: дастан аткаруу жана музыкалык аспапта ойноо. Жеңүүчүлөрдү Өзбекстан, Венгрия, Азербайжан, Казакстан, Россия, Кувейт жана Монголия сыяктуу өлкөлөрдүн белгилүү маданият ишмерлеринен турган эл аралык калыстар тобу аныктайт.
Конкурстун жыйынтыгында баш байгенин ээси 7 000 АКШ доллары өлчөмүндө сыйлык алат. Ар бир номинация боюнча биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду ээлегендер тиешелүүлүгүнө жараша 5 000, 3 500 жана 2 500 долларлык байгелерге ээ болушат.
Серепчилердин пикиринде, Хивадагы фестиваль элдердин маданий кызматташуусун бекемдөөгө жана бахши өнөрүн дүйнөгө жайылтууга чоң салым кошту. Байыркы өнөрдү даңазалаган бул иш-чара дүйнө жүзүндөгү адамдарды дагы деле шыктандырууда.