Кыргызстандын үч университети беделдүү эл аралык рейтингге кирди

Билим 6968 17 Март 2025 12:03
WhatsApp_Image_2025-03-17_at__9KPNIck.max-1920x1080.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2025-03-17_at__61tD3hc.max-1920x1080.format-webp.webp
fasad.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_2025-03-17_at__9KPNIck.max-1920x1080.format-webp.webp
WhatsApp_Image_2025-03-17_at__61tD3hc.max-1920x1080.format-webp.webp
fasad.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Кыргыз-Орус Славян университети, Кыргыз-Түрк "Манас" университети жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети планетанын 1500 мыкты жогорку окуу жайлары кирген QS World University Rankings 2025 рейтингине жайгашты.

Рейтинг жогорку окуу жайлардын позициясын абсолюттук балл менен эмес, диапозондор боюнча аныктайт. Бул академиялык репутациясы, иш берүүчүлөрдүн пикири, илимий материалдар жана башка көрсөткүчтөрдү, көптөгөн факторлорду эске алган методология менен байланышкан.

QS World University Rankings 2025 рейтингине ылайык, КОСУ 851-900 диапазону менен Кыргызстандын мыкты ЖОЖу болду. "Манас" университети 901-950 диапазонуна жайгашты, ал эми КМТУ - 1201-1400 диапазонун ээледи.

Белгилей кетсек, Славян университети менен КМТУ бул рейтингге биринчи жолу кирди.